09:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ислам Каримов: Апама кылмыш иши жалган фактылардын негизинде козголгон

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу небереси Башкы прокуратураны апасы Гүлнара Каримовага каршы жалган фактылардын негизинде кылмыш ишин козгоого айыптады. Ал бул тууралуу 1-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына берген маегинде билдирди.

28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленгенин билдирген. 2015-жылы августта Ташкент облустук соту Каримовага беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
Бирок, Гүлнара Каримованын уулу апасына каршы айтылган айыптоолордун бардыгы тең ойдон чыгарылып, апыртылган деп эсептейт. Анын айтымында, апасына тиешелүү деп айтылып жаткан активдер (кылмыш ишинде 2 миллиард доллар жөнүндө айтылууда) чынында ага таандык эмес.

1-августта Ислам Каримовдун небереси апасы Гүлнара Каримова 3-июлда абакка которулгандыгы тууралуу соттун документин алган. Би-Би-Си азырынча ал документтердин аныктыгын текшерүү мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар