11:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Гүлнара Каримованын 20 миллион фунтка бааланган мүлкү конфискацияланды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка каршы күрөшүү бюросу (Serious Fraud Office, SFO) Улуу Британияда Гүлнара Каримовага таандык үч кыймылсыз мүлктү конфискациялады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

Кеп Лондондун престиждүү Белгравия районундагы эки элиталык батир жана Суррей графтыгындагы хансарай жөнүндө болууда. Булардын жалпы баасы 20 миллион фунт деп бааланууда.

SFO белгилегендей, аталган мүлктөрдү Гүлнара Каримова менен анын үй-бүлөсү Өзбекстандагы коррупциялык ишмердүүлүктөн түшкөн каражатка сатып алган.

«Каримова 2004-жылдан 2012-жылга чейин Өзбекстандын базарына кирүүнү каалаган телекоммуникациялык компанияларга жардам берип, бул кызматы үчүн алардан жүз миллиондогон доллар пара алган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

SFO Каримованын Британиядагы активдерин, анын ичинде жогорудагы үч мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү менен сотко 2018-жылы кайрылган. 8-августта Улуу Британиянын Жогорку соту бул өтүнүчтү канааттандырган.

Гүлнара Каримова 2019-жылдын жазынан бери Өзбекстандагы аялдар абагында отурат. Ал «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Гүлнара Каримовага тиешеси бар экени айтылган Швейцариядагы, Франциядагы, АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү активдердин жалпы суммасы дээрлик 1,4 миллиард долларга бааланууда. Өзбекстандын өкмөтү алардын бир бөлүгүн кайтарууга аракет кылып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар