02:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Дарыгерлердин максималдуу айлык акысы 30 миң сомго жетиши мүмкүн

1-октябрдан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлердин максималдуу айлык акысы 30 миң сомго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Маалыматка караганда, 1-октябрдан тарта аталган министрлик индикатор боюнча төлөмдөрдүн жаңы системасын ишке киргизет. Эгерде дарыгер 100 балл чогултса, кошумча төлөм 16 миң 204 сомду түзөт. Тажрыйбасы мол жогорку категориядагы дарыгер үчүн айлык 16 миң 800 сомдон 30 миң 4 сомго чейин көтөрүлөт.

Ал эми жаш адис 100 балл чогултса, айлыгына 6 миң 500 сом кошулат.

Эң көп окулган жаңылыктар