15:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин эмгек акысы боюнча маалымат берди

Акыркы жылдарда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мекеме 2021-жылга чейин медицина кызматкерлеринин айлыгы 2011-жылы көтөрүлгөнүн белгиледи.

 2021-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга, үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулады.

«Андан кийин 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары орто эсеп менен 50 пайызга жогорулатылды. Баардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жергеси, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар жана башка) сакталып, маянага кошулат», — деп кошумчалады министрлик.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча орточо эмгек акы:

  • административдик-башкаруу персоналы — 20 миң 413 сом;
  • Дарыгерлер — 24 миң 14 сом;
  • Орто медициналык персонал — 19 миң 502 сом;
  • Кичи медициналык персонал — 13 миң 938 сом
  • Башка персоналдар — 14 миң 249 сомду түздү.

Эске салсак, кечээ социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Аида Исабек кызы ага Ысык-Көл облустук ооруканасынын ординаторлору кайрылып жатканын билдирген. Анын айтымында, алар 5 миң сом айлык акы алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар