18:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда эркектердин саламаттыгына текшерүү айлыгы жарыяланды

18 жаштан жогорку эркектердин саламаттыгын текшерүү боюнча бир айлык жарыялады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акция 1-апрелде 30-апрелге чейин уланат. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат.

«Жооптуу бол!» бир айлыгынын негизги максаты — жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында Кыргызстандын эркек калкын медициналык кызматтар менен камтууну жогорулатуу болуп саналат.

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда ЖЭОнун пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.

Бир айлыктын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат, бул өз кезегинде медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Ошондой эле «Жооптуу бол!» бир айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы негизги элемент болуп саналат, анткени бул ыкманын эффективдүүлүгүн буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өз айылындагы саламаттыкты сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат.

Эң көп окулган жаңылыктар