14:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Айрымдардыкы 69 миңге жетет

1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы көбөйдү. Бул тууралуу  президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, айлык акынын өсүүсү 100 пайыздан жогору болот. 

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 67 749 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196,7%ды түзөт.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 098 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 49 012 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232,3% түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 41 319 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 186,4%ды түзөт.

Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисине учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарыны ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 213,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 35 940 сомду түзөт.

Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 197,3% түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 38 830 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 220,2%ды түзөт.

Мисалы, аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 14 442,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 32 110 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 222,3%ды түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Маселен, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16881,3 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 235,7%ды түзөт.

Мисалы, мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13813,2 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 34 708 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 251,3% түзөт.

Айыл өкмөттөрү

Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 33 851 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 209,9% түзөт.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акы 27 706 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 210,1% түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар