Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн болжол менен түнкү саат 02:34төр чамасында катталган.
Жердин силкинүүсү Ат-Башы районунун Өзгөрүш, Ак-Муз, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, Ак-Моюн айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.