12:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кубанычбек Кулматовду жарандыктан ажыратуу. Сот видео тартууга тыюу салды

Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовго  карата каттоо кызматынын алдындагы калкты каттоо департаментинин доосун карап баштады.
 
Аталган ведомство буга чейин Кубанычбек Кулматовдун атына берилген паспортту жараксыз деп таанылышын суранууда.
 

Соттук отурумдун жүрүшүндө мэрдин коомдук коргоочусу Токтайым Үмөталиева соттон ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусун жана фото-видеого тартууга уруксаат берүүнү суранды.

Бирок, судья Алмаз Калыбаев өтүнүчтү канааттандырган жок.

«Процесс ачык өтө. Соттун камералары отурумду тартат. Пресса аудиого жаздырса болот. Бирок, фото менен видео тартууга уруксат жок», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума