«Тартип сакчылары аймактарды текшерип, Ошко кирген, чыккан унааларды көзөмөлгө алууда», — деп билдиришти ОИИБдан.
Буга чейин Жылдызбек Бекмурзаевди Бишкек ШИИБ издеп жаткан. Ал бир катар кылмыш иштерине катыштыгы бар деп изделүүдө.
«Кечээ тартип сакчыларына издөөдө жүргөн жаран Кара-Суудагы кафелердин жанында турат деген билдирүү келген. Ал жакка барган милицияга кылмышкер каршылык көрсөтүп, тапанча менен атам деп коркутуп жүгөрү талаасына качып кеткен», -деп жазылат маалыматта.