18:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Караколдо аялын өрттөп жиберүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектүү делип анын жарандык никедеги жолдошу кармалды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИББдан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, 4-январда саат 16:20 чамсында, Каракол ШИИББнын нөөмөт кызматына шаардагы кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат түшкөн.

«Жети-Өгүз районунун 33 жаштагы Б.С. (аял киши) аттуу тургунуна жарандык никедеги жолдошу, Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну Ч.Н. бензин чачып, өрт коюп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткени аныкталды. Келин алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.

Аялдын буту колу жабыркап, бармактарынын териси жарабай калганы айтылат. 

Аталган кылмышка шектүү делип Ч.Н. кармалды. Ал Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар