17:55
USD 84.64
EUR 101.15
RUB 1.17

Депутат: Күнөөсүз 19 жашар жигитти 10 жылга камаган сот иштен бошотулушу керек

Күнөөсүз 19 жаштагы ИИМдин академиясынын студенти Даниел Азимовду 10 жылга эркинен ажыраткан сот иштен бошотулушу керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, Даниел Азимовдун күнөөсүздүгү толук далилденген.

«Октябрь райондук соттун судьясы Болот Абдуллаев баланы 10 жылга соттогон. Сотто баардык күбөлөр анын күнөөсү жоктугун айтышкан. Укук коргоо органдары Азимовду кармаган учурда сабап, колуна кишен салып, жерге жаткырып, астына бир бөтөлкөнү коюп коюшкан. Андан ары ата-энесинен 10 миң доллар талап кылышкан. Алар акчаны убагында бербегенде баласын өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ушунун баарынан кийин сот айыптаган чечим чыгарат», — дейт ал.

Алмазбек Акматов Нарын облусунун 3 миңге жакын тургуну Азимовду колдоп Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылганын айтышат.

«Жигитти сындырбагыла, ишти акыйкат карап чыккыла», — деп депутат Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Белгилей кетсек, Даниел Азимов боюнча соттун чечими 23-декабрда чыкты. Октябрь райондук сотунун судьясы Болот Абдуллаев 19 жашар студентти 10 жылга эркинен ажыратты.

Даниел Азимов сотто баңги затты эч качан колдонбогонун жана жакын жолобогонун айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар