04:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түрк лирасынын куну түштү. Мигранттардын кирешеси 35 пайызга кыскарды

Түрк лирасынын куну түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандык мигранттардын кирешеси 35 пайызга кыскарды. Бул тууралуу миграция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери Түркияга иштегени жеке агенттик аркылуу 6 миң 442 кыргызстандык жөнөп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү туризм тармагында ишке орношкон.

Келишимдин шартына ылайык, мигранттар сезондун акырына чейин иштеши керек. Андан кийин гана жумуш берген тарап үйгө кайтуу үчүн билеттин акчасын төлөп беришет.

Эң көп окулган жаңылыктар