04:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркияда былтыр 31 кыргызстандык кулчулуктан куткарылды

Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Мигранттар боюнча башкармалыктын 2017-жылкы статистикасына ылайык, өлкөдө 303 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган. Алардын 86сы сириялыктар, 31и кыргызстандыктар, 25и марокколуктар.

Расмий кабарга ылайык, көбүнчө Анталия, Стамбул жана Анкара сыяктуу чоң шаарларда чет элдик аялдар «жумуш таап берем» деген куру сөзгө алданып калган учурлары катталган.

Акыркы үч жылда Түркияда кулчулукка кабылган 642 чет өлкөлүк жарандын 460ы аял кишилер болгон.

Түркиянын Миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр миңдеп саналары айтылат.

Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.

Эң көп окулган жаңылыктар