22:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЕАЭБ адистери өлкөгө ветеринардык системанын абалын изилдөө үчүн келишет

13-августта Евразия экономикалык бирикмесинин адистери Кыргызстандагы ветеринардык системанын абалын изилдөө үчүн келишет. Бул тууралуу маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл жүргүзүүнү алып салуу тууралуу маселе июлда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отурумунда каралган. Анда Кыргызстандагы ветеринардык абалды кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынган.

«Биз ЕАЭБ инспекторлорунун келишин күтүп жатабыз. Аларга расмий кат жибердик. Кеп Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзүү системасын ЕАЭБ үчүн эквиваленттүү деп таанылуусунда болуп жатат. 2016-жылы аталган бирикменин өкүлдөрү келип кетишкен. Ошол кезде Казакстандан башка өлкөлөрдүн баардыгы биздин системаны ЕАЭБ нормасына туура келет деп таанууга макул болушкан. Казакстан баш тарткан, себеби коңшу өлкөнүн 9 облусу шарп оорусунан эркин деп таанылган. Бизде дагы ошондой эле статус сакталуу. Аталган маселе оң жагына чечилсе, биздин азыктарды башка өлкөлөргө экспорттоого жол ачылат», — деди Ашырбай Жусупов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума