21:04
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү

2025-жылдын 1-майына карата эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, 127,1 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында Кыргыз Республикасында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү өскөн.

— Эт өндүрүү — 127,1 миң тонна (3 пайызга өсүш). Өсүү өлкөнүн бардык аймактарында катталды жана малдын жана үй канаттууларынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу болууда.

— Сут өндүрүү— 437,6 миң тонна (1,5 пайызга өсүш). Уйлардын санынын 1,8 пайызга, продуктуулугунун 16,4 килограммга өсүшү негизги факторлор болду.

— Жумуртка өндүрүү: 243,6 миллион даана (өсүү 11,5 пайыз). Өсүш үй канаттууларынын санынын 10,6 пайызга жана тооктордун орточо жумуртканын саны 13кө көбөйүшүнүн эсебинен камсыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар