Милиция көчмө пунктуна 171 киши кайрылды. Аларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери маалыматтык колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган аймакта 5-июлдан баштап 2 көчмө пункт иштеп жатат. Жардам сурагандардын ичинде чет элдик туристтер дагы бар.
«21-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунда тартип сакчылары айдоочунун өмүрүн сактап калышты. Аларга айдоочунун аялы кайрылып, жолдошу эстен танып жатканын билдирген. Милиция окуяны дароо жакынкы ИИБга билдирип, аны Кант шаарындагы аймактык ооруканага жеткиришкен», -деп жазылат маалыматта.