Ысык-Көлдө өтө турган «Мекендештер» IV форумуна 20 ашык өлкөдөн өкүлдөр катышат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду билдирет.
Форум 8-9-августта «Рух Ордо» маданий борборунда болот. Ага 20 өлкөдө жашаган кыргыз мигранттар, диаспора өкүлдөрү болуп 250-300 киши конон болот. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары, талдоочулар, өкмөттүн өкүлдөрү катышат.
Эскерте кетсек, «Мекендештер» форуму 2012-жылдан бери өткөрүлүүдө.