06:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин айрым жолдорунда жылуулук түйүндөрүн калыбына келтирүү иштери башталат

21-июлда «Бишкекжылуулуктүйүнү» Чокморов көчөсүндөгү Турусбеков менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралыкта жылуулук түйүндөрүн калыбына келтирүү боюнча иштерди баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Түйүндүн узундугу 350 метрге жетет. Оңдоо иштери 80 күнгө созулуп, анда түтүктөр толугу менен алмаштырылат.

Буга чейин Бейшеналиева көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар