USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

ЖККУ саммити. 27-28-ноябрь күндөрү жол кыймылына чектөө киргизилет

16:45, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

27-28-ноябрь күндөрү Бишкек менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет, эртеси Кыргызстандын төрагалыгы менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтөт.

  • Чектөө киргизиле турган жолдор

    • "Манас" аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейинки Фучик көчөсү;
    • Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
    • Фучиктен Манас проспектисине чейинки Чүй проспектиси;
    • Чүй проспектиси Манас проспектисине чейин;
    • Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки Чүй проспектиси;
    • Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки Абдрахманов көчөсү;
    • Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери резиденцияга чейин.

     

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика