11:47
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Эртең Бишкекте Чүй проспектисинин айрым бөлүгү убактылуу жабылат

Эртең Бишкекте Чүй проспектисинин айрым бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, эртең саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык балатынын чырактарын жандыруу иш-чарасы өтөт. Буга байланыштуу саат 17ден баштап Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү иш-чара аяктаганга чейин жабылат.
 
Эске салсак, шаардын ичи майрамдык инсталляциялар, гирляндалар менен кооздолду.
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар