05:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Москва көчөсүндөгү бир канча кесилиш жолдор жабылды

Бишкектеги Москва көчөсү менен Исанов, Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин айдоочулардын ыңгайлуулугу үчүн Москва көчөсүндөгү аталган кесилиштер кыймыл үчүн ачык болуп жаткан.

Учурда кудуктардын деңгээлин түздөө боюнча иш башталды. Жолду бетон аралашмасы бекем болсун деп жабышты. Аталган жол кесилиштери асфальт төшөө маалында дагы жабык болот.

Эң көп окулган жаңылыктар