18:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Денис Тендин өлүмүнө тиешеси бар шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды

Бегилүү казак спортчусу Денис Тендин өлүмүнө тиешеси бар шектүүлөрдүн бирөөсү кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, кылмышка шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Ал Жамбыл облусунун 1994-жылы туулган тургуну Нуралы Киясов болуп чыкты. Шектүү күнөөнү толук моюнуна алды. Анын шеригин издөө иштери уланууда.

Эске салсак, 19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар