12:54
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнө 26 жыл. Регби боюнча мелдеш уюштурулду

Бишкекте Улуттук гвардиянын түзүлгөндүгүнө 26 жыл толгондугуна байланыштуу регби боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Золотухин билдирди. 

Анын айтымында, «регби-7» мелдешине 4 команда катышты. Алар айлампа системасы боюнча ат салышты.

Оюндун жыйынтыгында биринчи орунду Улуттук гвардиянын өкүлдөрү, экинчи орунду ИИМ командасы алды. Кийинки орунга Бишкек командасы илинди.

«Жакында регби боюнча Чүй облусунда ачык чемпионат өткөрүлөт. Сентябрдын акырында Кыргызстандын чемпионаты болот», -деди машыктыруучу.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби