17:06
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Кыргызстанда катталган кылмыштардын 43,3 пайызы Бишкекте болгон

Кыргызстанда катталган кылмыштардын 43,3 пайызы Бишкекте болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында  Бишкек ШИИББнын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Бишкекте 34 зордуктоо иши катталган. Анын 31и сотко жөнөтүлдү. Мындаг тышкары 30 адам өлтүрүү фактысы катталып, анын 27синин бети ачылды.

Эске салсак, жыл башынан бери Бишкек шаардык милициясы тарабынан 6 миңге жакын кылмыш иши козголуп, алардын жарымынан көбүнүн бети ачылды. 

Эң көп окулган жаңылыктар