23:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Биринчи Май РИИБда согушуп кеткен тартип сакчылары кызматтан бошотулат

Бишкектеги Биринчи Май РИИБда согушуп кеткен тартип сакчылары кызматтан бошотулат. Бул тууралуу маалымат жыйында ШИИББнын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында эки милицияны тең кызматтан четтетүү чечими кабыл алынды.

«Согушуп кеткендердин бири Чүй облустук ооруканада жатып чыкты. Ал толук дарыланып бүткөн соң кызматтан алынат», — деди Сталбек Рахманов.

Анын билдиргенине таянсак, жыл башынан бери 18 милиция иштен бошотулуп, 3 тартип сакчыга карата кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума