02:20
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Акыркы айларда өлкөдө экономикалык өсүү темпинин жайлап калганы байкалууда

Акыркы айларда экономикалык өсүү темпинин жайлап калганы байкалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында эркин жумуш жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, ички дүң продукциянын көлөмү быйыл январь айынан июнга чейин болжолдуу түрдө 214 миллиард сомду түзүп, 0,1 пайызга көбөйдү. Былтыркы жылдын ушул айларына ИДПнын көлөмүнүн өсүшү 5,6 пайызга жеткен.

«Кумтөр» алтын кенин иштетип чыгаруу боюнча мекемени кошпогондо ИДПнын көлөмү бул жылы январь айынан июнга чейин 193 миллиард сомду түзүп, 2,1 пайызга көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар