04:01
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Туристтердин келиши акыркы 5 жылдын ичинде 6,2 пайызга көбөйгөн

Туризмдин өлкөнүн ички дүң продукциясындагы (ИДП) үлүшү акыркы 6 жылдын ичинде болгону 0,3 пайызга гана өскөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде айтты.

Маалым болгондой, ИДПнын үлүшү 2012-жылы — 4,7 пайыз, 2013-жылы — 4,5 пайыз, 2014-жылы — 4,3 пайыз, 2015-жылы — 4,4 пайыз, 2016-жылы — 4,7 пайыз, былтыр — 5 пайызга өскөн.

«Туристтердин келиши 5 жылдын ичинде 6,2 пайызга жыл сайын көбөйүп бараткандыгы улуттук статистикалык маалыматтарда көрүнүп турат. Демек, буга жараша туризмден түшкөн салым да жылдан жылга көбөйүшү керек», -деди өкмөт башчы.

Билдирүүгө таянсак, 2016-жылы өлкөдө 2020-жылга чейин туризмди өнүктүрүү Программасы кабыл алынган. Ага ылайык, чет өлкөлүк туристтердин Кыргызстандын чек арасынан өтүүгө электрондук визаны алуу жолдору жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар