17:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Памирлык кыргыздардын он сегизи Ооганстанга жөнөп чыкты

Кыргызстанга көчүп келген памирлык кыргыздардын он сегизи Ооганстанга жөнөп чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, памирлык кыргыздар жайкы эс алуу башталышы менен эле Ооганстанга барып, жакындары менен көрүшүп келүүнү суранышкан.

«Эч кандай нараазычылык жок эле барып келүү үчүн гана кетишти. Алар бул жакта көргөн билгенин айтып бергиси келет. Андан тышкары, Кыргызстанга келе жатканда кайра келебиз деп тил кат жазып беришкен. Бизден кийин келгендерге тоскоол болбосун, сөзүбүздө туралы деп кетишти. Үч кишинин үй-бүлөсү ошол жакта калган. Алар калган үй-бүлө мүчөлөрүн алып келүүгө кетти. Дагы бирөөлөр малымды сатып келейин деп жөнөдү. Анткени, алардын малын дайым эле тууган уругу карай бербейт. Анүстүнө ал жакта малды ээси гана сата алат экен», — дейт Жаркын Ибраева.

Эскерте кетсек, Кичи жана Уулу Памирде жашаган кыргыздардын 49у 2017-жылдын октябрь айында балдарына билим берүү жана тарыхый мекени менен танышуу үчүн көчүп келишкен. Алар Нарынга жайгаштырылып, балдары мектепке, улуулары атайын курстарга киргизилген. Андан тышкары, балдарга 1211 сомдон жөлөк пул чегерилип, чоңдор жумушка орнотулган.

«Алар Кыргызстанда кайрылман макамы менен жашашат. Жарандык, жер бөлүп берүү маселеси боюнча иштер жүрүүдө. Памирликтердин бирөөнө айлыгын төлөп бербептир деген маалымат такталган жок. Ал акчасын алган», — дейт Жаркын Ибраева.

Памирлик кыргыздарды Бишкекте миграция кызматынын өкүлдөрү тосуп алып, Ооганстандын чек арасына чейин узатып коюшат.

Эң көп окулган жаңылыктар