18:40
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Памирлик кыргыздар. Ата-Журтка сагыныч, үмүт менен реалдуу жашоо

Үч жылдан бери Кыргызстанда жашап жаткан Оогандык кыргыздарда элге, жерге, климатка көнүп бүткөндөн кийин жаңы суроолор пайда болду. Алар коноктой болуп жашабай, келечегин ойлоп, үй-жай, жер-мал жана жарандык маселесин кабыргасынан коюуда. Бирок, өкмөт аларды Памирден балдарына билим берүү максаты менен гана убактылуу алып келгенин айтып, боордоштордун талаптарын жоопсуз калтырууда.

Ата-Журтту кусалык

Памирлик кыргыздарга алгачкы жардам 2009-жылы жеке демилгечилер тарабынан жеткирилген. Бийлик тарабынан 2012-жылдан баштап Ооганстан менен келишимдин негизинде 20 тоннага жакын гуманитардык жардам жыл сайын жеткирилип турду.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Ооган бийлигинин маалыматында, Памирде 2010-жылы 3 миң 600, 2017-жылы Уулу Памирде 825, Кичиде — 1 миң 50 кыргыз калган. Изилдөөчүлөр алардын 10 жыл аралыгында жоголуп кетүү коркунуч айтышууда.

Топоз багуу менен күн кечирген кыргыздар Ооганстандын чек арасында толуу аймакта катаал шарттарда жашашат. Балдары көбүнчө сабатсыз. Аялдар арасында өлүм көп болгондуктан, кыздардын саны аздык кылат.

Жашоо шартын жакшырта албаганы менен Ооган бийлиги кыргыздардын Памирде жашап калышына кызыкдар.

«Памирлик кыргыздар чек араны коргоп, өкмөткө маалымат берип турат. Андан тышкары дагы бир топ себептер менен алар кыргыздардын ошол жерде жашап калышына кызыкдар», — деп Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Асанбаев 22-майда Памирлик кыргыздардын көйгөйлөрү боюнча тегерек үстөлдө билдирди.

Кыргызстанга көчүп келгендердин айтымында, Памирдеги боордоштор Ата-Журтуна көчүп келгиси келет.

«3-4 айда бир алар шаарга түшкөндө телефон чалат. Сүйлөшүп турабыз. Баары эле көчүп келгиси келет. Бирок, виза ала албайт. Ал жактан чыгып кеткенге дагы кыйын», — дейт Абдрасул уулу Абдугафар.

Баняга түшүп, кийим өзгөртүп...

2017-жылдын октябрь айында 33 этникалык кыргыз Кыргызстанга алынып келгенди. Алардын 17си балдар.

«Нарын эли Памирлик кыргыздардын келгенине абдан кубанып, аларды көндүрүү үчүн көп аракет жасадык. Алгач эле биринчи үй айда өкмөттөн акча бөлүнгөнчө, эл өзү кийим-кече, тамак аш бөлүнүп, жалпысынан элден 1 миллион сомдой жардам көрсөтүлүптүр», — деп билдиришти Нарын облусундагы өкүлчүгүнөн.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Памирлик кыргыздар алгач медициналык байкоодо болуп, облустун кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушту. Үч айдан кийин алар эл менен чогуу жашоого которулду.

«Эми алар баняга түшкөндү билбейт экен. Ага дагы тарттык. Эмне майрам, кече жана башка иш чара болсо, памирлик кыргыздар сөзсүз чакырылат. Азыр дагы жума сайын социалдык кызматкерлер барып, үй жайын карап, эч ким жоголгон жокпу, баары жетишип жатабы, сурап келишет. Такай байкоо салып турушат», — дейт Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн кызматкери.

Абдрасул уулу Абдугафар үч жыл мурда чоң үй-бүлөсү менен чогуу Нарынга жайгашып калды. Ал эки кызы, аялы, атасы жана күйөө баласы менен жашайт. Жакында неберелүү болуп, эми өзүнүн уулун күтүп жатат.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

«Кыргызстанга келип жүрүм-турумубузда жана башка көп өзгөрүү болду. Калың кийинчү элек, жука кийинип баштадык. Нарын эли так кыргыз тилинде сүйлөйт экен. Биздин тил менен бир аз айырмачылык бар эле, бирок, жергиликтүү сөздөрдү дароо үйрөнүп алдык», — дейт Абдрасул уулу Абдугафар.

Анын үй-бүлөсү азыр толук өкмөттүн каржылоосунда. Атасына үч жылдан бери 1 миң 500 сом пенсия, 12 жаштагы кызына 1 миң 300 сом жөлөк пул берилет.

Өкмөт тарабынан алардын батир акысы, коммуналдык чыгымдары төлөнөт. Андан тышкары, кийим-кечек жана башка чыгашаларына 6 миң 700 сом бөлүнөт.

Балдардын баары мектепке киргизилген. Эки жигит Ошто университетте билим алууда.

«Ага-Хан университетинин алдында англис тилди үйрөтүү курсу бар. Ага 20 нарындык бала бекер окуса алардын үчөө памирликтер. Мектепте окуган балдар абдан жакшы окушат», — дейт облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева.

Андан тышкары, жаштар компьютерди колдонууга үйрөнүшкөн.

Жумуш менен камсыз болуу

Абдрасул уулу Абдугафар Нарында Миң-Булак айылында алты ай мал багып иштеди. Андан кийин шаарга көчүп келди. Чоң үй-бүлөгө бөлүнгөн каражат жете бербегендиктен, иштөөгө белсенип, күйөө баласы менен картон кагаздарды топтоого киришкен.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

«Эми жумуштун жаман жакшысы болбойт. Кудай уурулуктан сактасын. Ак мээнет менен кылган иштин баары жакшы. Башка жумуш колдон келбегендиктен ушуну кылып жатабыз», — дейт ал.

Дагы бир үй-бүлө Ат-Башы районунда жашап, күйөөсү кароол, аялы ашпозчу болуп бала бакчада иштеп жатышат.

Калгандары азырынча иш менен камсыз боло элек.

«Калоочулар убактылуу жумуштарга тартылып жатат. Туруктуу жумуш таап берүү татаал. Себеби, алардын кесиби жок. Алар айдоочулукту үйрөндү. Күбөлүк алышса, ууна айдайбыз деп турушат», — дейт облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева.

Айрымдары «биздин хандын тукумубуз, айыл өкмөтү болуп иштегенбиз» деп кара жумушка иштегиси келбейт.

Жаркын Ибраева

Үй-жай талабы жана таарыныч

Былтыры 18 киши артка кайтышкан. Алар Памирдеги мал жайы жана туугандарына кабатыр болуп жатканын айтканы менен, ойлору ишке ашпай калгандыгын жашырышкан эмес.

Алар Кыргызстанга келип, үйгө ээ боло албагандыгын жана суук жерден көчүп келип, кайра суук Нарында жашап калышканына да даттанышкан.

Белгилүү болгондой, экс президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келгенден кийин балалуу болгон Жээнбек уулу Абдуваит үй-бүлөсүнө үй белек кылган. Калгандарына азырынча өз үйү жок.

«Үй жайыбыз болсо жакшы болот эле. Өз алдынча оокат кылганга өтсөк. Биз эми биротоло Кыргызстанда калалы деп жатабыз. Балдарыбыз окуп жатышат. Алардан үмүт чоң. Баарыбызга бир жерден жер, үй берилсе, бир айыл болуп жашап, кезек менен мал кайтарып, жашап кетебиз», — дейт Исламидин Насиридин.

Миграция кызматы, алар балдарын окутуу келишими менен гана келгендигин, үй-жай берүү убадаланбаганын белгилейт. Ооганстан менен келишим боюнча балдар билим алгандан кийин памирликтер мекенине кайтышат.

Өлкөдө калуу үчүн алар жарандык алууну көздөшүүдө. Бирок, ошол эле учурда Ооганстандын паспортунан баш тартуу ниети жок. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсүндө,Кыргызстан менен чектеш жайгашпаган өлкөлөрдүн жарандары, эгер алар этникалык кыргыз болсо, кыргыз паспортун да ала алышат.

«Кайрылман статусу дагы кийин жарандык алууга укук берет. Кырыгзстанга биротоло калып, жарандык алгандан кийин, Нарындан башка аймакта жашоо мүмкүнчүлүгүн кароого болот», — деп билдирди ТИМдин өкүлү Алмаз Асанбаев.

Жарандык алган Памирлик кыргыздар өкмөттүн жеңилдиктери жоготот.

«Памирлик кыргыздар Кыргызстанга убактылуу балдарын окутуу үчүн гана келишкен. Бирок, эгер калабыз дешсе, ал колдоого татыктуу. Мындай учурда биз алар менен башка программа менен иш алып барабыз», — дейт Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов.

Эң көп окулган жаңылыктар