23:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Памирлик кыргыздар аларга жер жана үй бөлүп берүүнү суранышат

Нарын облусуна отурукташкан Памирлик кыргыздар аларга жер жана үй бөлүп берүүнү суранышат. Бул тууралуу алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтышты.

Белгилей кетсек, бул кайрылуу алгачкы жолу болуп жаткан жок.

Алардын айтымдарында, көнүү маалы өттү, жаш балдар мектептерде биилм алышууда, дагы 2 бала жогорку окуу жайда окуп жатат. Айрымдары курсту аякташты.

«3 жыл аралыгында бизге көп жардам беришти, азыр деле жардамын беришүүдө. Биз ыраазыбыз. Бирок, биз өз алдыбызча чарба күтөлү дегенбиз. Бул үчүн бизге жер жана үй керек. Биз баарыбыз чогуу жашап, кезектешип мал карай элек. Биз кетпейбиз, мында калабыз», -дешти алар.

Памирлик кыргыздар Ооганстанда калган туугандары менен байланыш оор экенин айтышууда. «Жакындар менен байланышуу-оор. Былтыр 18 киши кеткен, кайра кайтышкан жок. Анткени виза алуу мүмкүн эмес, мындан башка да көйгөйлөр бар», -дешет тургундар.

Эң көп окулган жаңылыктар