21:43
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нарындагы памирлик кыргыздардын айрымдары бүгүн Ооганстанга жөнөп кетишти

Былтыртан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары бүгүн Ооганстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу сайттардын бирине өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Сапар алган 18 адамдын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар.

Алар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, жолуккан соң күзүндө кайра келип, окуусун улантарын айтышты.

Жаркын Ибраева буга чейин «памирлик кыргыздар үйүнө кеткиси келип жатат, себеби кыргыз өкмөтү аларга көңүл бурган жок» деп айрым маалымат каражаттарына тараган сөздөрду негизсиз деп атады.

Экинчи тараптын пикирин угуп коюш керек болчу. Биз памирден келген туугандарыбызды окутуп, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүгүн кетип жаткан памирликтер туугандарына сагынычын таратуу үчүн гана баратат. Кайра күзүндө сөзсүз кайтып келишет.

Жаркын Ибраева

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү өткөн жылдын октябрь айында Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүү үчүн көчүрүлүп келген. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар