12:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздар үчүн окуу китептери бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аркус» жана «Кутаалам» басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана «Алиппе», 50 даана «Мекен таануу», 40 даана «Математика», кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды.

Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Памирден 6 үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келген. Быйыл дагы 10 үй-бүлө келип, Алай районуна жайгашты.

 
Эң көп окулган жаңылыктар