19:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыздуу болгон памирлик кыргыздардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү

Кыздуу болгон памирлик кыргыздардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү.

Маалыматка караганда, Абдрасул уулу Абдугафардын үй-бүлөсүндө кыз төрөлүп, ага мурдакы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын ысмын ыйгарышкан.

«Чолпон Султанбекованын аракети менен Кыргызстанга келдик. Биз ага абдан ыраазыбыз», — дейт памирлик кыргыздар.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Памирден 33 этникалык кыргыз Кыргызстанга алынып келгенген. Алардын 17си балдар. Кийин 3 үй-бүлө карай көчүп кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар