03:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумация кылууну талап кылууда

Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумация кылууну талап кылууда. Маркумдун атасы Турдаалы Кожоналиев «Азаттыкка» мындай кадамды экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, эксперттер Бурулайдын денесиндеги жазууну аныктабай койгон.

Алар көкүрөгүндөгү жазуу «жок» деген тыянак чыгарып коюшуптур. Жазуу болгон эмес деп атпайбы. Мен кызымдын сөөгү келгенде сүрөткө тартып алгам да. Н+Б деп жазылган, астына крест коюлган.

Турдаалы Кожоналиев


Эске салсак, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы киши колдуу болуп каза тапкан.  Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин, милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүп, өзүнө да кол салганын билдирген.

Окуядан кийин маркумдун жакындары кыздын көкүрөгүндө жазуу болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. 

Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды.

Эң көп окулган жаңылыктар