07:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аскарбек Шадиевдин мандаты тууралуу маселе сентябрда каралат

Парламент депутат Аскарбек Шадиевдин мандаты тууралуу маселени сентябрда карап чыгат. Бул тууралуу парламенттин бир жылдык жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйында төрага Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, депутатты мандатынан ажыратуу үчүн Башкы прокуратуранын буйругу керек.

«Биз бул маселени көзөмөлдөөчү органдын буйругу менен гана карай алабыз. Аталган суроону сентябрда көтөрүп чыгабыз», — деди төрага.

Ошондой эле, Аскарбек Шадиев өткөрмө документтерин көрсөтпөсө дагы мандатынан жарытылышы мүмкүн.

«Жогорку Кеңеште регламент боюнча комитет бар, 30 отурумга катышпай кала турган болсо комитет анын мандатын алып салуу маселесин карап чыгат», — деди Дастан Жумабеков.

Эске салсак, депутат Аскарбек Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар