13:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аскарбек Шадиевдин 1,8 миллиард сомдук мүлкү конфискацияланат (тизме)

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиевдин соттун чечими менен мамлекетке чегериле турган мүлкүнүн тизмеси жарыяланды.

Тизменин курамына «Карвен четыре сезона» эс алуу үйү (уставдык капиталынын 33,33 пайыз), «Аква Инвест Плюс» (уставдык капиталынын 50 пайыз), «Карвен Групп» (уставдык капиталынын 50 пайыз), Орто-Сай айылындагы «Ала-Арча» турак жай комплексиндеги жеке үйү, Бишкектеги кеңсеси, «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү унаасы, коммерциалык банктардагы Аскарбек Шадиевдин өзүнө таандык 5954 АКШ доллары, аялы Асел Шадиевага таандык 57 069 миң доллар жана 290 миң 535 сому, «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода борбору) (уставдык капиталынын 100%), «Ларель» (уставдык капиталынын 50%) кирди.

Аскарбек Шадиев менен жакындарынын конфискацияланган мүлктөрүнүн жалпы баасы — 1 миллиард 852 миллион 236 миң 99 сомду (25 миллион доллардан ашык) түзөт.

25-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган.

Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Эң көп окулган жаңылыктар