03:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аскарбек Шадиев 2 айга камалат, эгер кармалса

Мурунку вице-премьер-министр жана депутат Аскарбек Шадиевди эки айга камакка алышты, бирок сыртынан гана. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жогорку соттон тастыкташты.

Маалым болгондой, алдын ала эскертүү чарасын Биринчи Май райондук соту тандады. Жогорку соттон билдиришкендей, Аскарбек Шадиев 48 сааттын ичинде кармалышы керек. 

Аскарбек Шадиевдин жактоочусу Учкунбек Каримов «24.kg» агенттигине билдиргендей, издөө боюнча кулактандыруу тууралуу чечимди тергөөчү кабыл алат. Белгилей кетсек, Аскарбек Шадиевдин кайда экендиги тууралуу маалымат жок. УКМКдан анын Кыргызстандан чыгып кетпегендигин тастыкташууда.

Эске салсак, 28-апрелде Башкы прокуратура мурунку вице-премьер-министрге карата кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар