08:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аскарбек Шадиевдин иши. Күбө акча салынган баштык тууралуу айтты

Биринчи Май райондук сотунда мурунку депутат Аскарбек Шадиевдин кылмыш иши боюнча процесс уланууда.

Бүгүн соттук отурумда күбөлөр суракка алынууда. Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери Асангүл Мамбеталиева көрсөтмө берүүдө. Айтымында, Аскарбек Шадиевди тааныбайт, ал тургай аны менен жакындан сүйлөшүп көргөн эмес.

Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы премияны менчиктештирип алууга шектелип жаткан Эл аралык иштер боюнча комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закировду жакшы билерин айтты.

«Бирок, биз дос эмеспиз. Жөн гана бөлмөлөрүбүз жанаша турат. Арсен Закиров парламентте 2007-жылдан тарта иштейт, мен анын мыйзамга каршы келе турган иштерге каралашкан деп ойлобоптурмун. Соттолор алдында Арсен Закиров менден карызга акча сураган, ал ишкерлик менен алектенем деп айткан. Мен аны жумуштан кеткен аткан го деп ойлогом. Аны жакшы тартиптүү киши деп билгендиктен акча бергем. Аны кармалды дегенден кийин үй-бүлөсү карызымды кайтарды. Соттолгонго чейин эле ал мага акча салынган баштыкты таштап кеткен. Бирок, ал карыз эмес болчу. Мен ал баштыкта канча акча бар экенин жана эмне акча экенин билбейм. Арсен Закировду УКМКнын тергөө абагына алып кетишкенде, мен баштыкты тергөөчүгө алып барып бергем», -деди ал.

Эске салсак, Аскарбек Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар