07:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда,  пара алып кармалгандар тергөө башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча башчысы, милициянын полковниги М.Н.Н. жана тергөөчү, милициянын подполковниги Ж.А.А. болгон. Алардын кылмыш ишине шектелип жаткан жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүгө 5 миң доллар пара талап кылышканы аныкталды. 

Учурда УКМКнын тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө. 

Эң көп окулган жаңылыктар