17:05
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Дональд Трамп Кытайды соода согушун күчөтөм деп коркутту

Эгер Кытай америкалык товарларга бажы тарифин киргизсе, анда АКШ жалпы баасы 200 миллиард долларды түзгөн кытай продукцияларына карата 10 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизет. Бул тууралуу дүйшөмбүдө АКШ президенти Дональд Трамп билдирди.

Кытайды абийирсиз соода практикасынан баш тартууга жана АКШ менен кыйла тең укуктуу соода мамилелеринде болууга көндүрүү максатында жаңы кадамдар жасалат

Дональд Трамп

Президент баарынан да аны Кытай бийлигинин америкалык интеллектуалдык менчиктерди коргоодон баш тарткандыгы нааразы кылып жатканын белгиледи.

Трамптын бул сөздөрүнө Кытайдын Соода министрлиги тез эле жооп кайтарды. Мекеме АКШ президентин «опузалоо тактикасы» үчүн айыптап, «чектен чыккан басымга катаал жооп бере» тургандыгы менен коркутту.

Өткөн жума күнү Трамптын администрациясы жалпы суммасы 50 миллиард долларды түзгөн кытай экспорту үчүн 25 пайыздык бажы тарифи киргизиле турганын билдирген. Пекин АКШны «соода согушун ырбатууга» айыптап, дароо эле америкалык товарларга, анын ичинде дан эгиндери, автоунаалар жана деңиз азыктары үчүн ушундай эле төлөм киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби