19:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЖРТнын жыйынтыгы: орточо упай 119

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, республика боюнча ЖРТнын негизги тестин 45 607 киши тапшырды. Алардын ичинен 29 049у кыргыз, 16 558и орус тилинде тапшырды. Тарых сабагынан 24 963, биологиядан 14 309, химиядан 10 922, математикадан 10 624, англис тилинен 9 674, физикадан 5 541 киши тест тапшырды.

2018-жылы ЖРТнын катышуучуларынын орточо упайы 119,4 упайга чейин көтөрүлдү. (2017-жылы — 117,8 упай). 110дон жогорку упайларды алып, ЖОЖдорго тапшыруучу сынактарга жолдомо алган абитуриенттердин саны 26 180кишини түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар