11:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жетөө биригип бирөөнү сабады. Кыз менен таанышууга келген жигит токмоктолду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда кыз менен таанышууга келген жигитти 7 бала сабап салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, аны 7 бала сабап салганын айткан.

Окуя 10-июнда катталды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүү катары 2 адам кармалып, калганынын аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, ушуга окшогон окуя буга чейин март айында Ноокат районунун Гүлстан айылында катталган. Анда айылдыктар кыз-жигитти ур-токмокко алып, алардын ден соолугуна зыян кетирилген. Ал окуядан көп өтпөй аталган айылга кыз менен жолугуу үчүн келген 32 жаштагы адам дагы сабалып, ал алган жаракатынан улам көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар