16:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду алды

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук мелдеш Канадада 6-июнда башталды. 74 килограммга чейинки салмак категориясында 8 спортчу ат салышты. Алымбек Рахимов 3 көнүгүү боюнча жалпы салмагы 580 килограмм оордукту көтөрүп, 2-орунду камсыздады.

Ал эми чемпиондукту жапониялык Ито Такаюки илип кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар