09:12
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбек жараны документи жок, бирок баңгизаты менен чек арадан өтүүгө аракет кылды

«Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда документи жок Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1963-жылы туулган Р.Ю. аттуу жарандын өздүк буюмдарын тинтүү учурунда 27 грамм гашиш жана марихуана, 20 грамм кара куурайдын уругу табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар