10:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ысык-Көлдүн жетекчиси Илияз Иманбетовго сөгүш жарыяланды

Президент Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовго сөгүш жарыялады. 

Эске салсак, Президенттин «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляждык зоналарга кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу жоопкерчилиги Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, мамлекеттик райондук администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун айрым пансионаттарында дарбазалар, тосмолор толугу менен алынып салынган эмес, ошондой эле көлдүн жээгинен курулуш материалдары ушул күнгө чейин чыгарыла элек.

Мындан тышкары, Илияз Иманбетов Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан коомдук тамактануу объектилерин мыйзамсыз курууга жол берген.

Эң көп окулган жаңылыктар