11:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мэрия: Сүйүнбаев жана Герцен көчөлөрүндөгү 30 гараж алынып салынды

Бишкектин Чыгыш-6 кичи районундагы Сүйүнбаев жана Герцен көчөлөрүндөгү 30 гараж алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сугат системасын оңдоо, калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында гараждарды алуу иштери аткарылды.

Металлдан жасалган гараждардын кожоюндарына алып салуу тууралуу эскертүү буга чейин берилип келген.

Гараждар орнотулган жер аянты учурда муниципалдык менчикке өткөн. Анткени, 2013-жылдан бери аталган жердин ижара мөөнөтү узартылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума