13:02
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2022-жылдан бери Кыргызстандын ирригациясына 6,6 миллиард сом бөлүнгөн

Өлкөнүн ирригациялык фондун жакшыртуу максатында 2022-жылдан 2024-жылга чейин 6 миллиард 614,6 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жана жаңы ирригациялык курулмаларды курууга 5 миллиард 848,5 миллион сом, ал эми жаңы атайын техниканы сатып алууга 766,1 миллион сом бөлүнгөн.

«Бул каражаттарга 2 миң 331,7 километр ирригациялык канал бетондоо жана механикалаштырылган тазалоо жолу менен, 2 миң 746 даана гидротехникалык курулмалар жана 315 даана насостук станциялар оңдолгон. Баткен районунун Ак-Суу айыл аймагынын Бакай тилкесинин тургундарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында жаңы насостук станция ишке киргизилди. Ошондой эле Кадамжай районунун Р-1 дюкеринин курулуш иштери жана Чоң-Алай районунун Шибе-Жекенди каналынын курулушунун биринчи этабы аяктады», — деп белгиледи министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар