10:50
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сугат суу маселеси чечилбесе, облус жетекчилерине карата катуу чаралар көрүлөт

Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Панфилов районундагы батыш Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал фермерлер менен жолугушуп, сугат сууга байланыштуу жана ирригациялык объектилердин канааттандырарлыксыз абалына байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

«Орун алган көйгөйлөр тууралуу маалымат алып, сиздер менен жолугушуп, абалды талдоого алуу иретинде атайы келдим. Мен сиздердин кооптонууңуздарды түшүнүп турам. Кургакчылыкка байланыштуу фермерлер сугат сууга муктаж болууда. Тилекке каршы, мындай абал бул райондо гана орун алып жаткан жок. Азык-түлүк коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө турат. Тармактык түзүмдөргө жакын арада районду суу менен камсыздоо тапшырылган. Эгер эртеңден тарта сугат суу маселеси чечилбесе, облус, район жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлөт», — деди ал.

Андан соң Улукбек Марипов Панфилов районундагы Киров айылындагы скважинаны көрүп чыкты, анда трансформатор жана насостук жабдуу орнотуу талап кылынат, бул иш аткарылса, 40-50 га жерди сугарууга шарт түзүлөт.

Марипов донордук уюмдар менен биргеликте тийиштүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу максатында Панфилов районунун ирригациялык тармагын өркүндөтүү боюнча сунушту кыска мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү