06:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өкмөт башчы: 110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын 30 суу колдонуучулар ассоциациясына «Белорус 82.1» тракторунун базасындагы «Амкодор 702ЕВ» экскаватор-бульдозерлерди тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын техника «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен сатып алынды. Өкмөт башчы билдиргендей, 2017-жылы Кыргызстандын 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы кабыл алынган.

«Бүгүн маанилүү күн — 63,2 миң гектар жерди камтыган 30 суу колдонуучулар ассоциациясы атайын техника алып жатышат. Бул жер-жерлерде ирригациялык курулуштардын ишин жакшыртат. 2017-жылы азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда кабыл алынган мамлекеттик программанын алкагында, 58,8 миллиард сомго 44 ирригациялык объект курулат. Бул айыл чарба жүгүртүүсүн 66 миң гектар жерге жеткирүүгө шарт түзөт», -деди ал.

Мындан тышкары 110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат. 2023-жылга карата программанын экинчи баскычы аяктап, 32 ирригациялык объект ишке берилет, бул айыл жеринде миграциянын деңгээлин азайтып, агрардык тармакты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп, бүтүндөй айыл чарба чөйрөсүнө оң таасирин берет.

Эң көп окулган жаңылыктар