03:32
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Жаңы конуштарды суу менен камсыздоо маселеси жайында гана ортого чыгат

«Арча-Бешик» жана «Ак-Ордо» сыяктуу жаңы конуштарды суу менен камсыздоо маселеси жайында гана ортого чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Бишкексууканал» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди.

Айтымында, жаңы конуштарда сугат тамактары менен сугат сууларынын жоктугу суу менен камсыздоо маселесин ого бетер татаалдаштырат. Анын үстүнө тургундар жайкысын сугат иштери үчүн ичүүчү таза сууну пайдаланышат.

 ««Ак-Ордо» жаңы конушунун тургундары өздөрү суу түтүктөрүн жасап алышты. Айрым суу түтүктөрүндө ичүүчү таза суу жылжып агып кетип жатат. Аны калыбына келтирүү үчүн баардык райондордогу сууну өчүрүүгө туура келүүдө», -деди Мурадин Сейдалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар